Бишкекте көпүрөдөн кулап түшкөн унаанын видеосу тарады (Видео)

Автор -
335

Кырсыктын видеосун Илим Карыпбеков өз instagram баракчасына жүктөгөн.

Белгилей кетсек, 22-апрель күнү саат 03:32 чамасында Л.Толстой көчөсү менен бара жаткан “Honda CR-V” үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн кулап түшүп Манас проспектисине туруп калган.

Жол кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1996-жылы туулган Р.А. (аял киши) жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү