Мушкер Валентина Шевченко Баткенге келин болдубу?

Автор -
1412

7-апрель күнү UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко мекенине келип, эртеси Бишкектеги соода борборлорунун биринде күйөрмандары менен жолукту. Миндеген күйөрман арасынан бир жигипттин мушкер кыз менен сүрөткө түшкөндөн кийин толкунданып ыйлаганын сиз деле көрсөӊүз керек. Биз ошол жигит менен байланышып, мектептен жолугyштук. Айрымдар «эркек эмес» деп сындаган Атабек Асан уулу өзү спортчу жана мугалимдери сыймыктанган окуучу.

— Саламатсынбы, Атабек. Өзүндү  кенен тааныштырып кетсен.

–Саламатчылык. Мен Баткен облусунан болом. Учурда Бишкектеги 74-техникалык лицейде 10-класста окуйм. Өзүм спорттун-репплинг түрү менен машыккам. 2015-жылдан бери Валентина Шевченконун мушташтарын көрүп, күйөрмандык кылам.

View this post on Instagram

Красавчик

A post shared by KYRGYZSTAN | CLUP (@kyrgyzstan_clup) on

 

 — Демек, кумирин менен жолугушууну аябай күтүптүрсүӊ да?

— Ооба, мен алгач Шевченконун Бишкекке келерин Инстаграм баракчасындагы кайрылуусунан көрдүм. Жолугушуу боло турган күнү мектептен чыгып Валентинанын сүрөтүн чыгарып, UFC деген жазуусу бар футболканы,калпакты кийип, абдан даярданып баргам.

 — Жолугyшууда 10 кишиге гана суроо бергенге уруксат берилди. Бирок өз кезегинде сен суроо бербей, сүрөткө түшүнү сурандыӊ?

— Мен Валентинанын өмүр баяны, беттештери тууралуу баарын окугам, ал жөнүндө бардык маалыматты билем. Ошондуктан суроо бергенге караганда сүрөткө түшкөн маанилүү болду. Негизи мен жетинчи болуп суроо бермекмин. Мага жеткенде алып баруучу «кайсы жерде чуу катуу чыкса, ошол жакка микрофон беребиз»деп калды. Валентинанын каймана аты Пуля эмеспи, болгон унум менен Пуля деп кыйкырдым. Менин үнүм эӊ катуу чыкты окшойт, алпаруучу биз тарапты карап, мени тандады.

-Эгер мүмкүнчүлүк берилбей калса кантмексиӊ?

— Мен бул күндү көптөн күткөндүктөн абдан капаланмакмын.

 — Жалгыз эле Шевченкого күйөрмандык кыласынбы же башкалар да барбы?

— Мен күйөрмандык кылган мушкерлер көп. UFCден санап кетсем, Дэниел Кормье, Жон Жонс, Тайрон Вудли, Робби Лоулер жана менин эц суйуктуу мушкерим Конор Макгрегор. Ал эми кыздардан Валентина Шевченко, Аманда Нуньестин күйөрманымын.

— Сенин ыйлаган видеоӊ бат эле интернетте тараа кетти. Айрымдар «эркек көзүнө жаш албайт» деп сени сындашты. Өзүндө эмне ой болду?

— Мен анда толкундандым деп деле айтпайм. Жогоруда айкандай, жолугушууну көп күттүм, кыялым ишке ашып жаткандыктан эмоциямды кармай албай калдым. Мендеги кубаныч, бакыт, сыймыктануу — баары көз жаш аркылуу чыгып кетти. Сиз айткандай, негативдүү билдирүү жазгандар бар. Мен аларга көӊүл деле бурбайм. Алардын мага ичи күйүп жатат деп ойлойм.

 –Интернеттее талкуу болуп кетеринди күтпөсөӊ керек. Жакындарыӊ эмне деп жатышат?

— Ошол куну «интернеттин баары эле сен болуп, кетиптирсиӊ » деп чалгандар көп болду. Апам да айылдан телефон чалды. «Жачактап алдыӊ?» дейт. Апам Шевченкону тааныбайт да. Жанында турган байкем «келиниӊиз болот» деп тамашалап коёт. Мага элдин назарында болгон көп жага бербейт, эл катары эле жүргүм келет. Бирөө «эми классташтары шылдыӊдашат го баланы» деп жазыптыр. Классташтарым шылдыӊдабай эле «досубуз максатына жеткенине суйунуп жатабыз» деп жооп берип жатышат.

— Келечекте сени спорт жаатынан көрүшүбүз мүмкүнбү?

— Буга чейин эрежесиз эр мушташ боюнча «Фучик» сейил багында спорт сүйүүчүлөр арасында мушташка чыгып, көп  жолу уткам. Кийин байкасам, урушуу жакшлыкка алып келбейт экен. Мушташканда баш мээге күч келип, келечекке кедергиси тийиши мүмкүн дешти. Азыр америкалык мушкер Тони Фергюсон психикалык жактан жабыркап жүрөт. Мен андай болгум келбейт. Анан да уйдөгүлөр спорт менен машыгуумду колдошпойт. Келечекте мен тиш доктуру болсом дейм. Балким, кийин уулумду эркин күрөшкө берип, Олимпиада оюндарына даярдап калармын. Бирок эрежесиз эр урушка катышкан адам катары балдарымды аталган спорт түрүнө бергим келбейт.

Булак: Super.kg. №859, 19-апрель, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү