Абактагы саясатчыларды колдоо митинги: Катышуучуларга канча акча берилгени маалым болду

Автор -
693

Бүгүн, 23-апрелде абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев,  Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдун тарапташтары аларды колдоп, Бишкек шаарында митингге чыгышты.

«SAAT.KG» маалымат агенттигинин өздүк булактары билдиргендей, саясатчыларды колдоо митингине аларды колдоп чыккан ар бир катышуучуга 500 сом акча жана ошондой эле кол чатыр белек кылышкан. Ошону менен бирге аларга түшкү тамактануу да бекер уюштурулганы айтылууда.

Өздүк булактын маалыматына таянсак, бүгүн 6 миӊден ашуун катышуучу абактагы саясатчыларды колдоп чыгуусу пландалган.

Белгилей кетсек, Жогорку сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов соттук отуруму 3-майга жылдырылган. 

Текебаев менен Чотоновдун соту жылдырылды

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү