«Жалал-Абад Темир бетон» заводунун кызматкерлери жөө жүрүшкө чыгышты. Алар «Ишкерлерге бут тосуу токтотулсун», «Ишканага электр жарыгы берилсин» жана «“Элдик” ишканасынын жетекчиси Алексей Апиев жумуштан кетсин» деген жазуусу бар плакатарды көтөрүп, талаптарын билдиришти.
Заводдун директору Бакыт Борошевдин айтымында, мамлекеттик органдар заводдун иштешине тоскоолдук кылып жатат.
Чогулгандар завод алдынан облустук администрацияга чейин жөө жүрүшкө чыгышкан. Аларды шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери токтотуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң акциясын убактылуу токтотушту.
Бирок Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу болгон «Элдик» мамлекеттик ишканасы өз кадамдарын мыйзамдуу деп эсептеп, прокуратурага кайрыла турганын билдирди.
Белгилей кетсек, ушул «Элдик» ишканасынын мурдагы кожоюну Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктөрдү башкаруу ошол ишканага берилген.