Дастанбек Жумабеков Түркиядан келген делегация менен жолугушту

Автор -

Кечээ, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчин Топчу баштаган делегацияны кабыл алды. Мындан сырткары, делегация курамында парламент депутаттары жана ишкерлер бар.

Жолугушууда Түркия Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилеген Төрага Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

“Боордош мамлекет катары эки элдин окшоштуктары, маданий байланыштары арбын. Андыктан, арабыздагы алыстыкка карабай алакабызды арттырышыбыз керек. Түркия мамлекети өнүгүү жаатында зор тажрыйбага ээ жана түрк экономикасы дүйнөлүк экономиканын локомотиви болуп эсептелет. Биз үчүн сиздердин тажрыйбаңар өтө маанилүү”
деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Белгилей кетсек, аталган делегация “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталышында түштүк борбордо өткөрүлгөн маданий иш-чарага катышуу үчүн келген. Бул күндөрү Бишкекте да түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө. Анда бишкектиктер жана шаар тургундары үчүн түрк кинематографтарынын кызыктуу эмгектери менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Өз кезегинде делегация өкүлдөрү жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле Түркия Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчин Топчу мындай байланыштар эки өлкөнүн алакасын арттырууга өбөлгө болуп, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөрүн кошумчалады.

Андан тышкары делегация мүчөлөрү  “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору”  аталышындагы салтанаттын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар инвесторлорду жана туристтерди тартууга да көмөкчү болорун билдиришти.

Бөлүшүү