Жүрөк жылытат: Бишкекте жаш жубайлар үлпөт тойдун ордуна жашыл бак отургузушту (Сүрөт)

Автор -

Кечээ , Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде Чүй облусунун Күн — Туу айылынын тургуну Назарбек улу Залкар жана Замирбекова Айжамал баш кошуу алдында 30 ак- кайыңдын көчөтүн отургузуп, аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын изилдеп, таап 30 балага кийим — кечек белек кылышты.

Болочоктогу жаш жубайлар бирге кеңешип, ысырапкерчиликти алдын алуу максатын көздөп, жаштарды жана жарандык коомчулукту коомдо болуп жаткан ашыкча той өткөрүү , маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кетип жаткан каражаттарды ыктуу пайдалануу дейт.

Назарбек уулу Залкар 28 жашта, болочоктогу келинчеги Замирбекова Айжамал 25 жашта. Экөө тең жогорку билимдүү. Жаштардын үйлөнүү тоюу 28 апрель күнү Бишкек шаарындагы тойканалдардын биринде өтөт.

Үйлөнүү тойдо улуттук колоритте өткөрүү болжолдонуп жатат.

Алар жаңы отургузулган көчөттөр шаарга көрк берип, жашыл шаарга айланаарын тилек кылышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү