Коомчулукта Ысык-Көлдүн Кек-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөп, жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн кол чогулта баштаган. Кечээ жеринде даты 600дей адамдын катышуусунда митинг болду. Кыргызстандын ар тарабынан уранды казууга каршы пикирлерин билдирүүнүн этеги тыйыла элек. Ал турсун өлкөнүн саясатчыларынан тартып маданиятчыларына дейре ойлорун айтууда.
Чек ара маселесинен улам көрүнбөй кеткен Адахан Мадумаров дагы атайы жыйын куруп, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Анда урандын казылышы боюнча суроолор болуп айда Мадумаров көлдүктөрдү колдоорун билдирип «уранды иштетүүгө мен да каршымын» — деди.
Булак: «Факты.kg» гезити. №16 (16), 23-апрель,2019-жыл.