Баткен шаарынын токой чарбасынын башчысы 32 миӊ пара менен кармалды (Видео)

Автор -

Баткен шаарынын токой чарбасынын башчысы 32 миӊ пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 17-апрелинде КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө,КР Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнүкоргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Баткен токой чарбасынын башчысы К.А. 32 миң сом пара талап кылып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, кармалган адам өзүнүн кызматкерлеринен аталган акча каражатын аудит жүргүзүү ишканасынын өкүлүнө берүүүчүн  талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ошондой эле текшерүү иштеринин жүрүшүндө К.А. тарабынан Баткен токой чарбасынын финансы-чарбалык иштерде мыйзам бузуулар болгондугу аныкталды.

Белгилей кетсек, 2017-2018-жылдары өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларда документтер жасалгаланып, 14 миң700 ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү мыйзамсыз сатылып жана ошондой эле токой жайыттарын ижарага берүүдө түшкөн акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган фактылары табылды.

Азыркы учурда кармалган адамга үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы каралды.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү