Бишкекте митингге чыккандар Атамбаев, Жолдубаева жана Сегизбаевди камакка алууну талап кылышты

Автор -

«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камакка алуу талабы айтылды.

Мындай талапты Саясий туткундарды бошотуу комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев келтирди.

“Атамбаев ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага таянып алып, отуздан ашык кишини саясий куугунтуктун негизинде камашты. Жыйынтыгы өздөрү Кыргызстанды тоноду, өзү Кыргызстандын эң бай адамы болуп отуруп алды. Ошондуктан Атамбаев камалсын, Сегизбаев камалсын, Жолдубаева камалсын!»
деди ал.

Бишкекте чогулган «Ата Мекен» партиясынын жана «Мекенчил» партиясынын миңден ашуун мүчөлөрү митингге чогулуп, партия лидерлери Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду бошотууну талап кылышууда.

23-апрелде уланган Садыр Жапаровдун соту, 30-апрелге жылдырылды. Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү