Абылгазиев уранды казууга кол койгондордун тизмесин атады

Автор -
457

Бүгүн, 24-апрелде ЖКнын жалпы жыйынында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  уран кени боюнча чалгындоо иштерине кимдер уруксат бергенин тизме менен айтып берди.

«ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөн. 2010-жылы 18-ноябрда геологиялык изилдөөгө уруксат алган. Ошол эле лицензияны 2011-жылы геологиялык чалгындоо деп узартышкан. Ага ошол кездеги министр Кайрат Жумалиев кол койгон. Ал эми Кызыл-Омпол аймагында чалгындоо жүргүзүүгө 2011-жылдын май айында Замир Эсенаманов деген министрдин колу коюлган. 2012-жылы болсо Кызыл-Омполго лицензиялык келишим деген аталыш менен Ишимбай Чунуев уруксаттын мөөнөтүн узартып берген. А 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев так ошол уранга деп кол коюп, лицензиянын мөөнөтү дагы узартылган. Анткени, алар ал жерден уран чыгарын билишкен. Ошондуктан, уранга деп жазылып лицензия берилген»
деп билдирди өкмөт башчы Абылгазиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү