Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 11 миллион 333 миң 768 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Финансы полициясы тарабынан атайын эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 538 миллион 215 миң 627 сомду түздү.
Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпустар курулат.
Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпустар курулат