Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпустар курулат

Автор -

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпустар курулат.

Бул жөнүндө бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебине жана Бишкек шаарындагы № 59-орто мектепке барганда айтылды.

Сооронбай Жээнбеков мурда да бир нече мектептерге барып, алардын абалы менен таанышкан соң коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же кошумча окуу корпустарын курууга жумшалат деп убада кылган.

Өткөн жылы коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык акча каражаттары жана мүлктөр мамлекетке кайтарылган. КР Финансы министрлиги бул каражаттан керектүү сумманы ведомстволор аралык комиссиянын талдоосунун жыйынтыктары боюнча аныкталган Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга багыттоодо.

Бишкек шаарында: № 12-мектеп-гимназия, № 69-комплекс-гимназия, № 54-орто мектеп, № 18-орто мектеп, № 59-орто мектеп, № 72-орто мектеп-гимназиясы, № 16-орто мектеп.

Чүй облусунда: Новопавловка орто мектеби, Атбашы орто мектеби, Орок орто мектеби, Ч. Айтматов орто мектеби, Төмөнкү Ала-Арча мектеби, Т. Актанов атындагы орто мектеп, № 2-Баранов атындагы орто мектеп, Новопокровка айылы.

Ош шаарында: № 7-Нариман мектеп-гимназиясы.

Болочокто мектептер жетишсиз болгон башка региондорго да каражат которулат.

Бөлүшүү