Бишкекке 60 жаңы автобус алып келинди (Видео)

Автор -

Бүгүн, 24-апрелде Бишкекке 60 жаңы автобус алып келинди.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн шаардын мэри Азиз Суракматовдун отчетун жеке өзү кабыл алат.

Жаңы автобустарды 29-апрель шаар күнүндө каттамга чыгаруу пландалууда. Учурда алардын каттамы боюнча иш жүрүүдө. Автобустар жетишпеген каттамдарга кошумчалап, борбор жакта маршруттук унааларды аларга алмаштырылышы мүмкүн.

Бишкек мэриясы ошондой эле жаңы автобустар жалаң гана газ менен жүрүп, билет алуу Союздун учурундагыдай талон системасы аркылуу болорун билдирүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү