Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда, депутат Өмүрбек Бакиров Премьер-министрдин дыйындалганына бир жыл болгонун эске салып, анын Өкмөттүн азыркы курамынын ишине канааттанар-канааттанбасына кызыкты.
Премьер-министрдин айтымында, өкмөт мүчөлөрүнүн ар бирине өзүнүн пикри бар.
[ads-quote-center cite=’деген жообун берди Мухаммедкалый Абылгазиев.’]“Эми, мага өкмөт мүчөлөрүнүн кимиси эмнеге жөндөмдүү экени белгилүү. Алардын деӊгээли биркылка эмес, арасында жакшылары бар, ортозаарлары бар, начарлары бар. Алардын аты-жөнүн атоо этикалык жактан туура эмес болуп калат”[/ads-quote-center]Депутат өкмөт башынын жакшы иштеп жатканын белгилөө менен бирге, азыркы өкмөт курамында Өкмөттүн ишин артка тарткан, Премьер-министрдин атына көлөкө түшүрүп, уят кылган 3-4 министр бар экенин айтып, аны ошондой аткаминерлерден азыртан эле кутулууга чакырды.