Абылгазиев өзүнүн атына көлөкө түшүрүп, уят кылган аткаминерлерден кутулат

Автор -

Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда, депутат Өмүрбек Бакиров Премьер-министрдин дыйындалганына бир жыл болгонун эске салып, анын Өкмөттүн азыркы курамынын ишине канааттанар-канааттанбасына кызыкты.

Премьер-министрдин айтымында, өкмөт мүчөлөрүнүн ар бирине өзүнүн пикри бар.

“Эми, мага өкмөт мүчөлөрүнүн кимиси эмнеге жөндөмдүү экени белгилүү. Алардын деӊгээли биркылка эмес, арасында жакшылары бар, ортозаарлары бар, начарлары бар. Алардын аты-жөнүн атоо этикалык жактан туура эмес болуп калат”
деген жообун берди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Депутат өкмөт башынын жакшы иштеп жатканын белгилөө менен бирге, азыркы өкмөт курамында Өкмөттүн ишин артка тарткан, Премьер-министрдин атына көлөкө түшүрүп, уят кылган  3-4 министр бар экенин айтып, аны ошондой аткаминерлерден азыртан эле кутулууга чакырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү