Айнура Осмонова: Айрым эксперттердин айтымында, көмүскө экономика 60 пайызга жетти

Автор -

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстангы көмүскө экономиканын деӊгээли 35-40 пайызды түзөт. Ал эми айрым эксперттердин айтымында, көмүскө экономика 60 пайызга жетти. Демек, мамлекеттик бюджетке канча каражат түшпөй калууда? Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда, депутат Айнура Осмонова ушундай собол салды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев биздеги көмүскө экономиканын деӊгээли 24 пайызды түзө турганы жөнүндө маалымат бар экенин билдирди.

“Бирок, менин оюмча, көмүскө экономиканын деӊгээли андан жогору. Экономика тармагын санариптештирүү алардын оодук бөлүгүн ачыкка чыгарат болуш керек. Азыр бул багытта жүргүзүлө турган иш-чаралардын коцепциясы даяр. Анда Кытай, Россия, Казакстан өӊдүү өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынды”
деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү