«Кучакташуу» адамдарга кандай таасир берет?- адистер жооп берет

Автор -
1645

Узак убакыт кѳрбѳгѳн адам менен кучакташып учурашуу баарыбыз үчүн нормалдуу кѳрүнүш. Ал эми эч себепсиз жакындарыңызды кучактай аласызбы?

Психологдордун айтуусунда күнүнѳ эң аз сегиз жолу 3-5 мүнѳттѳн кучакташып туруу адамга руханий жактан гана таасир бербестен, ден-соолугуна жана мүнѳзүнүн калыптанышына дагы чоң таасир берет. Сиз кучакташкан адам сүйүктүүңүз, ата-энеңиз, курбуңуз, туугандарыңыз же кичинекей балдарыңыз болушу мүмкүн.

Кучакташуу ден соолукту бекемдейт

Адамдар бири-бири менен кучакташкан учурда организмдеги биохимиялык процесстер активдүү иштеп, ооруну баса турчу эндорфиндер бѳлүнүп чыгат. Мындан тышкары кѳңүлдү кѳтѳрүп, бактылуу кылуучу доремин жана серотонин гормондору бѳлүнѳт. Ушулардын жардамы менен адамдын иммунитети жогорулап, ооруган адам тез сакайып кетет. Жакындарын ар дайым кучактап тургандардын инфаркт жана инсультка чалдыгуу коркунучу дагы тѳмѳн болот.

Стресстен арылтат

Кучакташуу учурунда адам жалгыздык сезиминен арылып, ѳзүн коопсуз, бактылуу жана сүйүктүү сезет. Бул учурда адамдын организминде депрессия жана стрессти жоюучу окситоцин гормону бѳлүнѳт. Андыктан оор кырдаалга кабылып, стрессте жүргѳн жакыныңызга мээрим тѳккѳн кучагыңыз аркылуу жүз пайыз жардам бере аларыңызды унутпаңыз.

Түйүлдүктѳгү наристеге таасир берет

Америкалык нейропсихолог Френсис Макглоун изилдѳѳлѳрүнѳн кийин түйүлдүктѳгү баланы эркелетип,сыйпап,курсагын эки алаканы менен кучактап жаткан учурда алакандан чыккан жылуулук наристеге позитивдүү энергия берерин жазып чыккан. Анын айтымында мындай шартта тѳрѳлгѳн балдар эмоцияларын жашырбаган, ачык-айрым, мээримдүү жана бардык адамдар менен тез тил табышкан сапатка ээ болуп чоңоюшат.

Терс адаттардан алыс кылат

Кучакташуу учурундагы жагымдуу сезимдер адамдын ѳзүнѳ болгон ишенимин жана ѳзүн баалоосун жогорулатат. Ошондон улам жаш чагынан жакын адамдары менен кучакташып, мээрим менен чоңойгон балдар ѳнѳкѳт ооруларга сейрек чалдыгышып, терс адаттардан алыс болушат.

Уйкуну калыпка келтирет

Изилдѳѳлѳр боюнча технологиянын ѳнүгүшүнѳн улам дүйнѳ калкынын 10 пайызы уйкунун бузулушу менен жабыркап келет. Андыктан иш күнү бүткѳн соң жакшы кѳргѳн адамыңызды кучактап, эркелеп алуу мээнин чарчап, чыңалганын жазып, булчуңдарды бошотот. Терс маанай тартуулаган кортизол гормонун жок кылып, уйкуну калыпка салат.

Күч берет

Кучакташуу жылуулук жана энергия менен бѳлүшүүгѳ шарт түзѳт. Чарчап келген учурда жакын адамыңызды бир мүнѳт кучактасаңыз, бир сааттык күчкѳ ээ болосуз. Андыктан позитивдүү энергияны алганды гана эмес, бергенди дагы билиңиз.

 Ой жүгүртүүнү кеңейтет

Кучакташуу адамдын ойлонуусун, акыл-эсин, эс тутумун жакшыртуучу касиетке ээ. Ошондон улам чыгармачыл жана илимий кризиске кабылган белгилүүлѳр бул ыкманы кѳп колдонушкан. Алардын ичинде Альберт Эйнштейн ѳз эскерүүсүндѳ мындай деп айткан: «Башым иштебей калган учурда сүйүктүү жубайымдын кучагы кѳп идеялардын пайда болушуна түрткү болгон».

Мамилени бекемдейт

Келечекте балдарыңыз сизге күйүмдүү болуп жетиштүү кѳңүл буруусун кааласаңыз, аларды азыртадан кучактап, сезимиңизди ачык билдирип туруңуз. Кучакташуу ата менен уулдун, апа менен кыздын, эки достун, жубайлардын ортосунда ишеним менен коопсуздук сезимин тартуулайт. Сүйүктүү адамыңызды ар дайым кучактап турганыңыз ортодогу мамилени бекемдеп, бардык таарынычтарды жок кылат.

 Бактылуу кылат

Кучакташуудан тартынбай чоңойгон балдар ар дайым шайыр жана бактылуу болушат. Кандай гана маселе болбосун позитивдүү кѳз караш менен карап, кырдаалдан жеңил чыгышат жана жашоодо ийгиликтерди тез багындырышат. Психологдордун айтуусунда, кучакташуу адамды бактылуу гана кылбастан жароокер, момун, ачык-айрым жана ак кѳңүл болуусуна дагы шарт түзѳт.

Кандай адамдар кучакташа алышпайт?

Балалыгында катуу тарбияда ѳскѳн бала: Балдарын катуу тартипте чоңойткон үй-бүлѳнүн балдары кучакташууну уят нерсе сыяктуу кабыл алып чоноюшат. Бул жашоосунда таасирин берип, адамдар менен кучакташууну жактырбай, ортодо аралыкты сактоону туура кѳрүшѳт. Башка бирѳѳ кучактаган учурда ѳзүн ыңгайсыз сезет.

Ата-энесинен мээрим кѳрбѳгѳн бала: Баланы кичинекей чагында кучактап, эркелетип турбаса, чоңойгондо ѳзү бирѳѳнү кучактап сезимдерин билдирүүдѳн тартынат.

 Ѳзүн-ѳзү баалоосу тѳмѳн адам: Ѳзүн башкалардан тѳмѳн кѳргѳн адамдар түнт келип, башкалар менен тез тил табыша алышпайт. Ошондон улам кучакташуу гана эмес, жакыны менен жакын отуруп ачык сүйлѳшүүдѳ дагы ѳзүлѳрүн ыңгайсыз сезишет.

Нерв системасы жакшы ѳѳрчүбѳй калган адам: Адамдардын абалына кирип түшүнүү, боорукерлик сыяктуу сезимдерди пайда кылуучу баш мээдеги айрым нервдердин ѳѳрчүбѳй калышы адамды катуу мунѳзгѳ ээ кылат. Мындай адамдардын кээ бирлери сезимсиз болгондуктан кучактагысы келбесе, айрымдары денеси башканын денесине тийгенде жийиркенишет.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Кучакка алынбай, мээримсиз ѳскѳн балдар арасында кылмыштуулук кѳп катталат.
  • Ата-энеси тарабынан кѳп кучакка алынган балдар тез ѳѳрчүшѳт.
  • Кучакташуу адамды жашартуучу касиетке ээ.
  • Жогорку кан басымы барлар кучакташкан учурда анын тѳмѳндѳшү дароо байкалат.
  • Кучакташуу коркуу сезимин жок кылат. Ошондуктан кичинекей балдар ата-энесин же оюнчуктарын кучактап жатууну туура кѳрүшѳт.
  • Англиялык окумуштуулар кѳп кучакташкан үй-бүлѳлѳр арасында ажырашуу чанда гана кездешерин аныкташкан.
  • 21-январь дүйнѳлүк кучакташуу күнү катары белгиленет.

Булак: «Леди.kg» гезити. 23-апрель. 2019-жыл.