Швейцария соту Каримованын кымбат автоунаалары боюнча чечим чыгарды

Автор -
264

Ташкенттеги аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовадан конфискацияланган кымбат баалуу үч автоунаа сатылбай турган болду.

Швейцариялык Le Temps басылмасынын кабарлашынча, Каримовага тиешелүү Mercedes-Benz SLR2DR, Bentley Arnage жана Range Rover Sport V8 автоунааларынын наркы 1 миллион франкка (1 миллион АКШ доллары) бааланган.

Басылма билдиргендей, Швейцария федералдык соту Гүлнара Каримовага байланыштуу эки чечим чыгарган. Биринчи чечим менен кымбат баалуу автонунааларды сатуу жокко чыгарылган. Машинелер 2013-жылы конфискацияланган, бирок алардын тагдыры чечилген эмес. Эми бул автоунаалар Гүлнара Каримованын 2009-жылы 18 млн франкка сатып алган вилласында кала берет.

Каримовага 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, ал миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. Бул акча ага Өзбекстанда Интернет менен камсыз кылууну көздөгөн алты телекоммуникациялык компаниядан пара катары берилгени айтылган.

Өзбекстанда Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш үчүн айыпталган. Кылмыш иши атасынын көзү тирүүсүндө 2013-жылы козголуп, 2016-жылы күздө Каримов кайтыш болгондон кийин 2017-жылы декабрда сот Каримованы 10 жылга эркинен ажыраткан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу үчүн күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны 5 жылдык үй камагына өзгөрткөн болчу.

Апрелдин башында Башкы прокуратура Каримова «үй камагынын эрежелерин сактабай койгонун» билдирип, анын түрмөгө которулганын маалымдаган.

Бөлүшүү