Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-апрель түнү саат 19:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү