Жээнбеков: Атамбаев саясатка аябагандай зарыл экенин коомчулук кези келгенде түшүнөт

Автор -
629

Саясатчы Равшан Жээнбеков менен КСДПны тартып алуу аракети жана Атамбаевдин оппозициядагы ролу тууралуу сүйлѳштүк.

-Равшан мырза, КСДПны Сагынбек Абдрахмановдун талашканын айрымдар туура кѳрсѳ, кѳпчүлүк аша чапкандык катары баалашууда. Анын партияны тартып алуу аракети колдоого аларлык ишпи же аша чапкандыкпы?                     

— Саясат жагынан караганда, партияны тартып алуу аракети туура эле болду. Саясий процесс катары анын аракетин туура түшүнѳм. Анткени, Сагынбек Абдрахманов кѳп жылдан бери Атамбаевге нааразы болуп жүргѳн адам. Ошондуктан, партиянын мурдагы мүчѳсү катарында ѳзүнүн кызыкчылыгын, кѳз карашын коргоп, ѳз алдынча күрѳшүп жатат дейт элем. Анын аракети кандайдыр бир деңгээлде сыйга татый турган кѳз караш деп айтсак да болот. Бирок, ошол нерсени бийлик колдонуп, түрткүлѳп партияга Атамбаевге нааразы адамдарды кошуп берип, КСДПны экс-президенттен тартып алууга аракет кылып жатканы туура эмес. Анткени, КСДПны тартып алуу аракети бул бийликке кадыр-барк алып келбейт.

 -Бийлик КСДПны тартып алууга кызыкдар эместей түр кѳрсѳткѳнү менен Сагынбек Абдрахманов арыз жазар замат Адилет министрлиги каттап бергени, бийликтин партияны тартып алууга кызыкдар экенин каңкуулады. Бугун Атамбаев бийликтин негизги атаандашына айландыбы?       

   —Бүгүнкү күндѳ бийликтин негизги саясий атаандашы Атамбаев. Башкача айтканда, бийликтин негизги атаандашы ѳздѳрүн бийликке алып келген, саясий ѳнѳгү КСДП партиясы. Ошон үчүн ал партияны алсыздандыруу, колунан келишинче контролдоо бийлик үчүн аябагандай пайдалуу. Бийлик ушул партия аркылуу, «саясатка кандайдыр бир деңгээлде басым жасайбыз, мурдагы президентти коркутабыз, саясатка аралаштырбаганга аракет кылабыз» деген кадамдарды жасап жатат. Алардын бул аракети кандайдыр бир деңгээлде ѳздѳрүнѳ жакканы менен бирок, аларга кадыр-барк, утуш алып келбейт. Тактап айтканда, тактикалык жактан да, стратегиялык жактан да, жеңишке жеткирбейт. Айтайын дегеним, эртең эле бийлик пайдаланып жаткан КСДПнын экинчи тарабы утулат. Атамбаевди жаман кѳрсѳк да, жакшы кѳрсѳк да, КСДП анын партиясы. Кыргызстанда партиялардын кѳбү жеке менчик болуп калган. Анткени, саясий маданият ошого жол берет. Ошондуктан эртели кеч бийлик тарап да, бийликти колдоп жаткан тарап да, Атамбаевге утулушат. Жыйынтыгында, партияны жандандыра да албай, партияны пайдалана да албай калышат.

— КСДПны тартып алуу аракетине бийликти аралаштырууга кимдер кызыкдар болду?

 -Менимче бийликтегилерге саясатты анча түшүнбѳгѳн, деңгээли тѳмѳн адамдар кеңеш беришсе керек. Ошондой эле бул маселе менен Сооронбай Жээнбековду коомдун алдында уят кылам дегендер аралашса керек. Болбосо, мынчалык болмок эмес.

 -Бийлик канчалык киришсе да, Атамбаев КСДПны Сагынбек Абдрахмановго жѳн эле карматып койбосо керек…          

 -Кыргызстанда партия жеке менчик болуп эсептелет. Жеке менчик үчүн ѳзгѳчѳ күчтүү саясатчылар ѳлүп бергенге даяр болот. Ошондой эле ѳзгѳчѳ күчтүү, байлыгы бар, ресурсу жетиштүү адамдар жеке менчигин сактап калуу үчүн катуу күрѳшѳт. Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы катары да партиясын «ме» — деп эле карматып койбойт. Кашык каны калганча күрѳшѳт. Анын ордунда ким болсо да ошентмек.

-Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши Атамбаевди камоо менен жыйынтыкталышы мүмкүнбү?

 -Атамбаевден ѳч алабыз деген саясатчылар камаш керек деп айтып жатышы мүмкүн. Бирок, Атамбаевди камоо бийликтин жана укук коргоо органдарынын маселеси. Бирок, мен Атамбаевди камай турган убактан ѳтүп кеткенин айткым келет. Атамбаев Кыргызстандагы кѳрүнүктүү саясатчы катары оппозицияга ѳткѳнүн жарыялады. Мындай билдирүүдѳн кийин Атамбаевди камаш бир топ оор болуп калат. Бийлик бул маселелерди каалаган жагына бура албай турган чекке келди. Башкача айтканда, бийлик Атамбаевди мындан ары саясий оппонент катарында эсептешишке, саясий оппонент катары мамиле кылууга аргасыз. Болбосо Атамбаев бийлик үчүн да кѳп баш ооруларды жаратып коюшу мүмкүн.

 -Атамбаевди жандагандардын баарына кылмыш ишин козгоо күч ала баштады.  Анын запкысы сизге да тийип калбайбы?   

-Мага эч кандай зыяны тийбейт же болбосо, мага эч нерсе жасалбайт деп айталбайм. 15 жылдан бери мен 5 президент менен саясий оппонент катары ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келе жатам. Мен саясатта эмне туура десем ошону жасайм. Эмне туура десем ошону сүйлѳйм. Азыркы күндѳ Атамбаев саясатчы катары саясий талаада керек. Күчтүү, тажрыйбалуу, ресурсту саясатчынын оппозицияга салымы жогору болот деген ойдо Атамбаев менен кызматташып, сүйлѳшүп жатам. Бирок, анын партиясына кирген жокмун. Атамбаев менен саясатчы катары мамиле кылуу туура деп эсептейм. Анткени, мамлекетибизде Атамбаевге окшогон күчтүү оппозиция болсо, Кыргызстанда бийлик авторитардуу болушуна, үй бүлѳлүк кланга толугу менен ѳтүп кетпешине жана регионалдык кландык башкарууга багыт албашына салым кошот. Мына ушундай терс кѳрүнүштѳргѳ каршы туруш үчүн Атамбаевге окшогон саясатчылар сѳзсүз керек. Муну кѳп адамдар азырынча түшүнбѳшү мүмкүн. Бирок, Атамбаев саясатка аябагандай зарыл экенин коомчулук да кези келгенде түшүнѳт.

Булак: «Ачык саясат» гезити. №15 (358). 26-апрель. 2019-жыл.