Кыргызстанда алгачкы жолу Пара Марафон өткөрүлөт

Автор -

1-майда Балыкчы шаарында (Ысык-Көл облусу) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында Пара марафон өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары төмөнкү аралыктарды багындырат:

  1. Даун синдромунан жабыркагандар 500 метр аралыкты басып же чуркап өтөт;
  2. Майыптардын арабасында отургандар (моюн омурткасынан жабыркагандар, мээ шалы, муундардын тубаса кыска жана кыскартылган жарандар, түрдүү себептерден улам басуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер) 1500 метр аралыкты багындырат;
  3. Көзү азиздер жандоочусу менен 3000 метр аралыкты чуркап өтөт;
  4. Угуусу начар жарандар 4000 метр аралыкты багындырат.

Мындан тышкары моралдык колдоо көрсөтүү максатында марафонго дени сак жарандар да катышмакчы. 16 жаштан 40 жашка чейинки курактагы жарандар 5000 метр аралыкта жарышка түшөт. Ал эми 40 жаштан жогорку курактагы жарандар 3000 метр аралыкта күчтөрүн сынашат.

Пара Марафон Кыргыз Республикасынын Улуттук Паралимпиадалык комитети, Балыкчы шаардык мэриясы жана «Ынсап Элим» коомдук фонду тарабынан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын жана меценаттардын колдоосу астында уюшулуп жатат.

Кыргызстанда алгачкы жолу өтө турган пара марафон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дени сак жашоого үндөө, коомго социалдаштыруу, интеграциялоо жана Паралимпиада оюндарын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Катышууну каалагандар алдын ала 0312 32-49-80 (Адилет Камчыбеков) телефону аркылуу же dpnvs2018@inbox.ru электрондук дареги аркылуу катталууга тийиш.