Мухаммедкалый Абылгазиев Ереван шаарына келди (фоторепортаж)

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения Республикасы) келди.

Ереван шаарынын аэропортунан Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Маалымдама: Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына:

— Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков;
— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Джекшенкулов;
— Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов;
— Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялык жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу бөлүм башчысы Айбек Айдарбеков;
— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев кирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү