Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында актер, куудул Владимир Зеленский жеңип чыкканын расмий жарыялады.
30-апрелде Киевдеги басма сөз жыйында БШК билдиргендей, шайлоодо Зеленский 73,22, учурдагы президент Петр Порошенко 24,45 пайыз добуш алды.
Владимир Зеленский Орусияда камакта жаткан бардык украин жарандарын, аскер туткундарын, анын ичинде былтыр Кара деңизде орус чек арачылары кармап кеткен деңиз аскерлерин бошотууга аракет кыла турганын белгиледи. Ал ошондой эле Орусия менен «норманд форматында» сүйлөшүүлөр улантыларын билдирип, негизги максаты Донбасста ок атууну токтотуу экенин айтты.
Украинанын жаңы президентинин инаугурациясы 3-июнда өтүшү керек.