Кызыл-Омполдогу «иттин өлүгүн» Роза Отунбаева көмгөнбү?

Автор -
207

Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол участогундагы уран казуу ишине коомчулук катуу кабатыр болуп, аны каздырбоо үчүн тикесинен тик турууда. Элдин сүрүнөн чочулаган өкмөт уран казууну убактылуу токтотту. Учурда мамлекеттин келечегин, элдин ден соолугун ойлобостон лицензия бергендерди аныктап, укуктук жазасын беруу талабы көтөрүлүүдө. Кээ бири Бакиевди,айрымдары Атамбаевди күнөөлөп жатышкан, кашайып, документалдуу түрдө Отунбаева калкып чыкты.

Тактап айтканда, Кызыл-Омпол аянтында уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор кендерин чалгындоо үчүн « Кыргызстандагы Юразия» ЖЧКсы на N°2852 лицензиясы 2010-жылдын 18-ноябрында берилиптир. Бул учурда өлкөнү Роза Отунбаева жетектеп турган. Ал убакта парламент коалиция түптөй албай турган убак эле. Министрлер кабинети курала элек болчу.

Андан да кызыгы, уран казууга киришкен компаниянын бир мүчөсү «Юразия Майнинг Компани» жетекчиси жана негиздөөчүсү Арсланбек Кененбаев болуп чыгууда. Бул экс-президент Роза Отунбаеванын жакын тууганы Айжан Чыныбаеванын күйөөсү болот. Демек, «иттин өлүгүн» апчебиз көмгөнбү?

Бирок экс-ажо үн катпайт да. Шектүү шексинет болуп жатабы?

Булак: «Мантыш» гезити. 30-апрель, 2019-жыл.