Депутат: Чоӊ-Алай аркылуу өтө турган кытайдын газ түтүгү жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырууда

Автор -
483

Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан арыла албай жатып, Ысык-Көлдө уран кенин каза баштаганыбыз коомчулук арасында нааразычылыктарды жаратууда. Мындай талаш-тартыш жарата турган көйгөйлөр башка тармактарда деле бар. Мисалы, азыркы учурда Чоӊ-Алай аймагы аркылуу өтө турган кытайдын газ түтүгү дагы жергиликтүү тургундардын арасында тынчсыздануу жаратууда. Эксперттер дагы газ түтүгү боюнча алымсынбай турат. Өкмөт мындай кырдаалды эстен чыгарбай, тийиштүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Газ түтүгүн алып өтүү үчүн ижарага жер берилип жатат. Эксперттердин айтымында, газ түтүгү 3 жылдын ичинде эле толук актайт. Кытай тарап андан жылына 600 млн доллар өлчөмүндө пайда көрөт. Ал эми ижарага жерин берген кыргыз тарап 30-50 млн долар киреше алат экен. Мындай нерсе, албетте, калк арасында нааразычылык жаратпай койбойт. Ошондуктан, Өкмөт келишим түзөрдөн мурун, анын оош-кыйыш жагын кылдат иликтеп чыгып, анан бир чечимге келиши керек. Эгерде биз үчүн пайдасы жок болсо, анда келишимди бузуп койсо болот. Буга чейин деле айрым келишимдер бир тараптуу бузулган учурлар болгон»
деди депутат.
Бөлүшүү