Бишкектеги көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 31 жаштагы адам түтүнгө ууланып калды

Автор -

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө төшөнчүлөр күйүп, 31 жаштагы адам түтүнгө ууланган.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1988-жылы туулган А. Э. аттуу эркек адам түтүнгө ууланып калган. Жабырлануучу Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилген, учурда абалы жакшы.

«Өрттүн келип чыгуу себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык»
деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү