Президент эки министрди кызматынан бошотту

Автор -
256

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, бүгүн, 27-майда, Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду.

Ошо менен бирге Панкратов Олег Михайловичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызматынан бошотулду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү