Ооганстанда алты жаштагы баланы уурдап, өлтүрүүгө шектелген өспүрүмдөр соттолду

Автор -

Ооганстанда сот бала уурдоого жана өлтүрүүгө айыпталган эки өспүрүмдүн ар бирин 30 жылдан эркинен ажыратты. 26-майда чыгарылган сот өкүмүндө алардын жаш курагы көрсөтүлгөн эмес, болгону 18ге чыга электиги жазылган.

Алты жаштагы Махса Ахмади Кабулда март айында уурдалган. Анын ата-энеси кылмышкерлер талап кылган 300 миң долларды таап бере албай калгандан кийин баласы өлтүрүлгөн.

Көп өтпөй укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары эки өспүрүм кармалган. Кийин полиция алар күнөөлөрүн мойундарына алып жатканы тартылган видеону жарыялаган.

Анда эки өспүрүм уурдалган баланын ата-энесинен 300 миң доллар талап кылып, бирок акча ала албагандан кийин баланы өлтүрүп салышканын айтышкан.