Ош облусунда жер титиреди

Автор -

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 27-май күнү саат 00:33тө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү