Кочкор районунда унаа оодарылып, 3 адам жабыркады

Автор -

Кочкор районунда  26-май  күнү саат 23:50 чамасында Кочкор-Кум-Дөбө унаа жолунда Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип оодарылган. Унаанын ичинде 3 адам болгон.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 3 адам жеңил жаракаттарды алган.

КР ӨКМнин  куткаруучулары тез жардам кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жабырлануучуларга жардам көрсөтүшүп, Кочкор райондук ооруканага жеткиришкен. Абалдары жакшы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү