Кадыр түндү кантип тосуу керек?- пайдалуу кеӊеш 

Автор -
5133

Бул түндү жер жүзүндѳгү миллиарддаган мусулмандар күтүшѳт. Анткени бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугy 83 жылга тете. Мусулман адам кадыр түнгѳ туш болуп, аны Жаратканга ибадат кылуу менен ѳткѳрсѳ, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат. Жаратканыбыз Кадыр түндү пенделерине чоң белек катары жѳнѳткѳн.

Кадыр түн күндүн батышы менен башталып таң атканча уланат              

  • Ислам динин туткан элдердин арасында, Кадыр түн майрам! Пайгамбарыбыздын мындай деп айтканы бар: «Кимде-ким Кадыр түндѳгү сыйынуусун, кылган иши үчүн сыйлык аларына ишенип жана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн гана кылса, анын мурдагы кылган күнѳѳлѳрү кечирилет».
  • Пайгамбарыбыз Рамазан айынын акыркы он күнүндѳ, кѳбүрѳѳк ибадат кылып, үй-бүлѳсүн сыйынууга тургузуп, пайдалуу иштерди кѳп жасаган. Анткени Кадыр түн Рамазан айынын акыркы 10 күнүндѳ катылган.
  • Мусулмандардын арасында Кадыр түндү Рамазан айынын 27-түнүндѳ күтүшѳт. Анткени ислам аалымдары, Рамазан айынын 27-күнүнѳ басым жасашып, ыктымалдуу күн катары эсептешкен.
  • Кадыр түндѳ Ыйык Куран жети кабат асмандын биринчи деңгээлине түшкѳн. Бул түндѳ Меккеге жакын жердеги Жабал ан-Нур тоосундагы Хира үңкүрүнѳ Аллах Курандын биринчи сүрѳѳсү аль-Алякты (Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен» сѳздѳрү аркылуу) жиберген. Андан кийин, жыйырма үч жыл аралыгында, Курандын аяттары Жабраил периште аркылyу пайгамбарыбызга жиберилип турган.
  • Кадыр түн арабдарда Лай-латуль-кадр деп айтылат. «Кадр»сѳзүнүн араб тилинде бир нече мааниси бар 1) улуулук ,ардак,кадыр.Бул түн-улуулук менен кадырдын түнү.
  • “Аль-кадр” сѳзү “тар”,”тардык” деп да которулат. Бул мааниге карата теологдор мындай деп айтышат: Бул түндѳ жерге ушунчалык кѳп сандаган периштелер түшѳт, алар кѳптүгүнѳн жерге батпай кысылышат».
  • Кадыр түндүн дагы бир котормосу — «чектелгендик». Мунун чечмелениши мындайча: “Рамазан айынын кайсы күнү Кадыр түнгѳ туш келерин Аллах Таала чектеп койгон”. Пайгамбарыбыздын сүннѳтүндѳ болжолдоп гана айтылат.
  • «Кадр» сѳзүнүн дагы бир котормосу бар. Ал тагдыр түнү. Бул түндѳ жылдык ѳкүм чыгарылат. Башкача айтканда, так ушул түнү адамдардын жашоо мѳѳнѳтү, байлыгы, ошондой эле келээрки жылдагы боло турган нерселерге ѳкүм чыгарылат.
  • Миң айдан жакшыраак Кадыр түндү “Асыл түн” деп дагы аташат, анткени кайсы момун мусулман болбосун, ушул түнү Аллах Таалага чын жүрѳгү менен ибадат кылса, анда Жаратканынын алдында даражасы жогорулап, анын ыраазычылыгына жана сый урматына жете алат.
  • Кадыр түнү периштелер, Адам ата жаратылып, алгачкы бактар жер жүзүнѳ отургузулган деп айтылат.

Кадыр түндүн белгилери   

  1. Жергиликтүү климаттык шарттарга ылайык, бул түн ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мелүүн келип, үшүк жүрбѳйт. Катуу шамал, ысык болбойт.
  2. Бул түн тынч,бейпил келип,тимеле табият демин ичине каткандай,асман булутсуз жана жаансыз болот.
  3. Бул түндѳ жылдыздар учпайт.
  4. Бул түндүн таңында,күндүн нурлары ѳтѳ чагылбай, жумшак кызыл түстѳгү тѳгѳрѳк сымаал болот. Анын жарыгы жумшак, кѳздү уялтпаган, булутсуз асмандагы толгон айдай жарык чачат.

Кадыр түндү кантип тосуу керек?

Кадыр түндү шаң кылып, музыка менен ырдап, бийлеп ѳткѳрүүгѳ болбойт. Бирок үйдѳбү, жумуштабы же жолдобу Кудайга кулчулук кылып ѳткѳрѳ берсе болот. Сѳзсүз мечитте ѳткѳрүү шарт эмес. Ал эми дасторкон жаюуда, ар ким ѳз мүмкүнчүлүгүнѳ жараша жей турганын коё берсе болот.

Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусy керек. Кѳп дуба кылyу керек. Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек. Ѳткѳн күнѳѳлѳргѳ тооба кылуу керек. Ѳзуң жана ѳткѳндѳр үчүн дуба кылуу керек. Бул ыйык Кадыр түн баарыбызга тынчтык, ынтымак жана бакыт алып келүүсүн жараткандан тилешибиз керек!

Булак: «Факты.kg» гезити. №21 (21), 28-май, 2019-жыл.