Украинанын президенти Владимир Зеленский Луганск облусуна алгачкы иш сапары менен барып, Луганск жана Счастье кыштактарындагы аскерлердин позициялары менен таанышты. Бул тууралуу украин президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
[ads-quote-center cite=’деп жазылган билдирүүдө.’]«Мамлекет башчы турмуш-тиричилик шартында жоокерлер менен сүйлөшүп, тамак-аштын сапаты, алардын техника, турак-жай жана социалдык пакет менен камсыз болушу тууралуу маалыматтарды укту»[/ads-quote-center]
Басма сөз кызматтан белгилешкендей, Зеленский Луганскта байкоо жана блиндаж пункттарында болуп, каршылаштардын позициясынан 400 гана метр алыстыкта жүрдү.
Андан соң президент Бириктирилген күчтөрдүн операциясын жетектеген генерал-лейтенант Александр Сирскийдин жаңжал болуп жаткан жерлердеги абал тууралуу баяндамасын укту.
Кеңешмеге Башкы штабдын жетекчиси — Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы генерал-лейтенант Руслан Хомчак дагы катышты.