Ошто касапкана ээлери иш ташташты

Автор -
215

Алар буга акыркы убактарда коюлуп жаткан талаптардын негизсиз жана оор экенин жүйө келтиришүүдө. Бүгүн, 29-майда касапкана ээлери шаардык мэриянын алдына чогулуп, мэрдин кабыл алуусун талап кылышты.

Алардын айтымында Ош шаарындагы мамлекеттик ветеринардык инспекция мал союлуучу жерлерди жабууга буйрук берген. Шаардан тышкары райондордо союлган этти шаарга алып кирүүгө тыюу салынган.

Шаардык мамлекеттик ветеринардык инспекция бул талаптар аймактагы эпизоотикалык абалды тескөө жана Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптарына ылайык келбеген касапканаларды жабуу максатында коюлганын кабарлады.

28-майда Ош шаарындагы эт базарлары жана башка эт саткан дүкөндөр, күркөлөр жабык турду. Бүгүн да ушундай эле көрүнүш кайталанууда. Маалымат боюнча шаардагы 250гө чамалуу касапчынын 200ү ишин убактылуу токтотту.

Бөлүшүү