Батукаевдин «ишине» Салянованын кандай тиешеси бар? «Бомба» Салянованын колундабы? 

Автор -

Минтип айтканыбызга негиз бар. Ишенбесенер, ошол «иттик ишти» парламенттик отурумда талкуулап жаткан учурга кайрылып көргүлө. Ал жерде Атаханов да, Сагинбаева да,Турсунбек Акун да, жасалма ысправке жазгыч профессор жана башкасы да тизилип отурушкан адвокаттык ролду ойноо үчүн. Бирок депутаттардын ачуу соболдоруна «урунттуу жоопторду» жалгыз Салянова берип турган. Беркилер мукактанып, тайсалдай түшкөндө Салянованын артиллериясы күпүлдөп , снаряддары менен тызылдатып атып, баары мыйзам боюнча, ошонун гана негизинде деп какшап, суперадвокат болуп, калгандарын «мыш» кылган «мен билем», «мен жооп берем» деп….

Эмне үчүн? Балким мына ушул ролду келиштире аткарсан, келерки хандык такты сеники деген болуш керек. Кийинчерээк АША бул ойду ырасмий да айтканы бар. Балакетиӊ түшкүрдүкү, тагдырдын тайкылыгын, анан эле Сaлянованын ити чөп жебей, өзү «куугунтукка» алынып… камaлып….Бирөөгө ор казсаӊ, өзүӊ түшөсүӊ болду да калды. Бүгүн болсо Салянова сүттөн акмын деп, кала берсе «уурунун» өлкөдөн чыгып кеткенин билбей калганмын деп жанын жеп жатпай6ы. Түшүнсө болот, өзү камакта болсо, анан минтип бул таш башына тийсе… Бирок ачуу чындыктан качып кутулуу дегеле мүмкүн эмес зкендигин гана андабай, кечээки сөзүн бүгүн танып.. ит эле болуп жатат. Биринчи эле суракта кимдин ким экендиги, буйрутмачы кимдигин суратпай эле айтып берет ал… «Бомба» Салянованын колунда, өзү да «бомба»…

Булак: «КабарИнфо» гезити. №19. 30-май, 2019-жыл.