Акыркы он жылдын ичинде Түркмөнстандан 1 миллион 879 миң адам чыгып кеткен. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып билдирди.
Азырынча жарыялана элек бул маалыматтардын туура экенин «Азаттыктын» түркмөн кызматына Түркмөнстандын түрдүү мамлекеттик түзүмдөрүндөгү үч булак ырастаган.
Учурда түздөн-түз калктын эмиграциясы тууралуу маалыматтарды иликтөө менен алектенип келген Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы эки жетекчиси Людмила Аманниязова менен Айна Ораева бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө экендиги жана алардын тышкы дүйнө менен байланышы толук үзүлгөнү кабарланууда.
Түркмөн өкмөтү өлкөдөн чыгып кетип жаткан жарандар тууралуу статистикалык маалыматтарды ачык жарыялабайт. Калктын саны тууралуу дагы расмий ачык маалыматтар жок.