Тиллаев: Корея менен балдар үчүн инфекциялык оорукана куруу боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калды

Автор -

Ордо калаанын №3 балдар ооруканасынын абалы өтө начар, көптөгөн сыркоолорду талаптагыдай дарылоого шарт түзүлгөн эмес. Мисалы, рентгенге тартуу кезегинде кеминде 50 адам турат, болбосо Жалдагы ооруканага жиберишет экен, бирок андагы абал деле ошондой. Колу сынган бир сыркоонун айтымында, ал бүгүн 48-кезекке туруптур. Ушу кантип болсун, Саламаттык сактоо министрлиги тезинен тийиштүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Бишкек шаарынын тургундары көптөн бери Инфекциялык оорукананын дарегине да нааразычылык билдирип келет. Анда дагы сыркоолорго сапаттуу кызмат көрсөтүлбөйт. Корея менен балдар үчүн жаӊы инфекциялык оорукана куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатты эле, анын азыркы абалы жөнүндө маалымат жок. Эмне же кимдер тоскоолдук кылып жатат? Өкмөт муну иликтеп чыгып, тоскоол болгон маселелер болсо, аларды тезинен чечип бериши керек»
деди депутат.
Бөлүшүү