Ысык-Көлдө унаа жолдон чыгып тосмого илинип калды

Автор -

Ысык-Көлдө унаа жолдон чыгып тосмого илинип калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 29-май күнү саат 12:07 чамасында Жыргалаң-Каракол унаа жолунун Жыргалаң айылында болгон. Анда  Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, тосмого илинип калган.

Унаанын ичинде 5 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын №7 Өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү