Бугумду ак баракка түшүрүп, гезитке чыгарайын деп чечтим. Жолдошум окуп калса баарын түшүнүп, кечирээр. Мектепти бүтѳѳрүм менен эле коңшу айылга ала качып кетишти. Жолдошум менен кѳшѳгѳдѳ таанышкам. «Таш түшкѳн жеринде оор» деп артымдан кууп келген жеңелерим кетем дегениме карабай, отургузуп, кудаларынын сый-урмат кѳрүп кетишти. Ошентип турмуш туткасын кармадым. Жолдошум бир үйдүн кичүүсү, аябай жоош, момун. Мал баккандан башка колунан эч нерсе келбейт. Мени болсо айыл ѳкмѳтүнѳ ишке орноштуруп коюшту. Тиги, бул жакка кагаз ташыйм. Болгон жумушум ошол.
Айыл ѳкмѳтү мага тийишип, кѳз артып жүрдү. Жаңы жыл жаңыраардан күн мурун дасторкон жасап, баарыбызды сыйлап, машинасы менен үйүбүзгѳ жеткирди. Эң артында мен түштүм. Түнкү саат 11 эле. Мени жолдошум күтпѳй эле, кайын агам күтүп жатыптыр.
Эшиктен кирээрим менен жаакка чаап жиберди. Мындайды күтпѳгѳн жаным жаагым ысып, аны жалдырап карап эле отуруп калдым. «Эмне телмиресиң? Сен инимдин кѳзүнѳ чѳп салдың»,-деп кыйкырганда тѳркү үйдѳн кайын энем, кайын эжелерим чуркап келип, ажылдап киришти. Мени сойку кылып салышты. Жолдошум болсо үн-сѳз жок эле туруп берди. Туруп баратсам артымдан бирѳѳ тепкендей болду. Жыгылып барып жалт карасам, кайын агам экем. Кайын эжем: «Азыр чыгып кет!»,- деди. Таң эрте кетейин деп жалдырадым. Таң атканча кирпик какпай, ыйлап чыктым. Андайда таңдын атмагы да азап болду. Жолдошум эч нерсе деген жок. Ары карап жатып, коңурук тартып, таттуу уйкуга кетти…
Ошентип таң атты. Супа садык чалганда үйдѳн чыгып кеттим. Себеби, кайын агамдын чоң муштумунан, кайын эжелеримдин ажылдаганынан коркуп калдым. Кайын энемдин беш колунун тагы бетимде калыптыр. Жаагым шишип, аябай оорутту… Кѳчѳдѳ ыйлап кетип бараттым… Жалгыз… Эч бир жан жок. Таң атпай транспорт да жүрбѳйт да. «Ала качып aлып ушуну кылат беле? Неге жолдошум унчукпай отуруп берди? Неге кайын энем мага болушкан жок? Неге кайын агам мага кол кѳтѳрѳт?»,-деп ѳзүмѳ ѳзүм суроо берип, жооп таба албай, ыйлап бараттым.
Айылдын аягына чыгып калганда, «Айка» деген тааныш үн чыкты. Карасам айыл ѳкмѳтү. Күйбѳгѳн жерим күл болду. «Эми бул кайдан чыга калды? Эми ѳлбѳдүмбү, такыр эле жармаштырышат турбайбы . Актыгымды эми кантип далилдейм? Түндѳ жеткиргени аз келгенсип, таң атпай кайдан чыга калды?»,-деп ичимден жинденип жаттым. Ал аңгыча ал колумдан кармап, машинага отур!»; деди. Араң турган жаным ага аябай кыйкырдым, «сиздин азабыңыздан күйѳм менен ажыраштым»,-деп. Ал эч нерсе түшүнбѳй туруп калды.
Бир машина келаткан экен, тигиден кутулуу үчүн аны тосуп, шашып түшүп кеттим. Машинанын артында эки мас киши отуруптур. Шопур да кызуу. «Эми ѳлбѳдүмбү?! «Шашкан шайтандын иши» деген ушуда деп эшикти ачып секирейин деген арам ойго жетелендим. Машинадагы үч киши «биз мас болгонубуз менен андай пастыкка барбайбыз. Коркпо!» дегенде барып ѳзүмѳ келдим. Алар жакшы сүйлѳп, үйүмѳ жеткирип коюшту. Ошентип, энемдин жүрѳгүн түшүрүп таң атпай үйүмдүн босогосун аттадым. Кебетемди кѳргѳн апамдын оозунан Алласы түшүп калды. Баарын айтып берсем, аябай ачууланды. Аларды сотко берем деди эле мен болбой койдум.
Ошентип күндѳр ѳтѳ баштады. Кош бойлуу болуп калыпмын. Тѳрѳдүм. Уулдуу болдум. Ушак кетти… Ушактан тажап Бишкек шаарына келдим. Тигүү цехинде иштеп, баламды бактым. Андан бери жети жыл ѳтүптүр. Балам 1-класска барганы турат. Сүйүнүп атам. Атасы бир басып келген жок. Атасына опокшош. «Менин атам кайда?»,-десе эмне деп түшүндүрѳм деп ичимден сыздап турам…
Булак: «Ачык сѳз» гезити. №20 (161). 30-май, 2019-жыл.