Борбор калаабызда 4-июндан баштап ысык суу берилет

Автор -

Борбор калаабызда 4-июндан баштап ысык суу берилет. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармактары» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек мэриясынын тапшырмасына ылайык 6-майдан бери оңдоо-текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анда 65 бузулуу катталган. Алардын айрымдары оңдолсо, калгандары жылуулук мезгилине чейин калыбына келтирилет.

«Бишкекжылуулуктармактары» ишканасы ысык сууну эки күн эрте берүүгө аракет кылды. Аны кошууга үч күн убакыт талап кылынат. Биринчи кезекте бала-бакчалар, ооруканалар жана башка социалдык маанилүү жайларга берилет.

Керектөөчүлөрдөн ысык суу берилээрде суу агып кетпеш үчүн «Аристон» сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу талап кылынат.