Кара-Суу районунда 13 жашар кыз асынып алды

Автор -

Ош облусунун Кара-Суу районунда 13 жаштагы окуучу кыз үйүнүн короосунда асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 27-май Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагынын Сүрөттүү-Таш айылында болгон. Аны асынып турган жеринен ата-энеси көрүп, милицияга кабар берген. Ал эми кыздын жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тийиштүү иштер жүрүүдө.