Жээнбеков: Атамбаев менен саясатта чогуу болууга тандем түзгөнүм жок

Автор -
266

— Равшан мырза, мурунку бийлик учурунда жарандык коом бийликке карата сын пикир айта албай, жалтактап калган болчу. Бул бийлик жарандык коомдун активдешине кандай шарт жарата алды?

— Бул бийлик тизгинди колго алганда, журналисттер коркпой калышкан, жарандык коом эркин иштей башташкан, мурунку президенттин командасына кирбеген мен сыяктуу саясатчыларда жакшы сезимдер пайда болгон. Сѳз эркиндиги менен чогулуш эркиндигинде алдыга жылыш байкалган. Акыркы 4-5 окуядан кийин бул багыттагы абал кескин начарлады. Мисалы, КГБнын реформасы тууралуу уюштурулган талкууда УКМКнын жетегинде турган адамдардын келип провокация уюштурганы, кыйноолорго каршы эл аралык уюмдар жыйналыш ѳткѳрүп жатса, жалган патриоттор кирип алып, жыйналышын ѳткѳрбѳй бут тосуп, шылдыңдап жаман сѳздѳрдү айтканын акыркы бийлик чогулуш ѳткѳрүү эркиндигине бут тосуп, басмырлап баштады дегенге далил боло алат. Муну Европа уюмдары дагы байкап жатат. Башта бул багыт боюнча Кыргызстан бир топ жылыштарды жасады деген болсо, акыркы Европалык кеңеште Кыргызстанда тандалма коррупциялык күрѳш жүрүп жатат деген пикир айтылды. Бийлик колунан келишинче саясатын ѳзгѳрткѳнгѳ аракет кылышы керек. Бул бийликтин сѳз эркиндигине, чогулуш эркиндигине жасаган мамилеси эл аралык кадыр-баркын бир топ кѳтѳргѳн. Азыр андай эмес.

— Сооронбай Жээнбеков Нур-Султандагы ЕАЭб жыйынында бажыга үч тараптуу кѳзѳмѳл коюуну сунуштады. Мындай пикири «Биздин бажыда гана кемчиликтер жок эмес, силерге деле кѳзѳмѳл койсок бири-бирибизден шек санабайбыз» деген эле сѳз болдубу?

— Демократиялык саясатчы катарында мындай маселеде авторитардык стиль менен иштегендердин колунан эч нерсе келбейт деп айтам. Бажы тармагында бир эле бизди күнѳѳлѳгѳн адилетсиз болуп калат. Бул тармакта Казакстан, Россия жыргап кеткен жок. Биздин президент сунуштагандай үч кабаттуу текшерүүнү коё турган болсо, мурунку тѳлѳнүп жаткан «отметка» 3 эсе жогорулайт. Россиянын, Казакстандын ѳкүлдѳрү дагы аябай коррупциялашкандар болуп эсептелет. Биздин бажыдан шарттуу түрдѳ 100 сом жей турган болсо, казак менен орустардыкынан 1000 сом жейт. Ошондуктан, алардын бизге койгон күнѳѳлѳрү суу кечпеген, адилетсиз болуп эсептелет.

— Сиз мурунку президент менен жолугушуп, пикир алышып жүргѳн саясатчысыз. Ал киши менен саясатта чогуу болууга тандем түздүңүзбү?

— Жок, биз тандем түздүк, шайлоого чогуу барабыз деп эч кандай жарыя кылган эмеспиз. Андай сѳз дагы болгон жок. Эгемендүү багытта саясатчылар же партиялар болобу, баардыгыбыз колубуздан келишинче кыска же узак идеяларды жылдарганга кызматташканга даяр болушубуз керек. Бул дүйнѳлүк саясат. Азыр мурунку президент бийликте эмес. Мамлекетти жаңы президент башкарып жатканына бир жарым жылдай болду. Мурунку президент жаман иштерди кылганын далилдеп, аларды жакшы нукка буруп койгонго толугу менен жеткиликтүү убактысы бар. Кеткен президентти сындай бергенден кѳрѳ,жаңы президентти жакшы нукка бурганга аракет кылып, жаңы нерселерди жасашын талап кылышыбыз керек.

— Атамбаев бийликте турганда түзгѳн системасын катуу сындап келдиңиз эле. Бүгүн экс-президент башкаруу системаны сындап жатат. Атамбаев ѳзү түзгѳн системасын толугу менен кайрадан орнотом деген аракетине макулсузбу?

— Ага толугу менен каршымын. Эгер шарттуу түрдѳ Атамбаевдин партиясы кайрадан бийликке келип калып,ѳзү түзгѳн системаны калтыра турган болсо алар менен дагы күрѳшѳм. Мага адам маанилүү эмес. Система менен күрѳш жүргүзүү маанилүү. Сооронбай Жээнбековдун дарегине жаман сѳз айта элекмин, айтпайм дагы. Бирок, Сооронбай Жээнбеков мамлекеттеги эң маанилүү саясий чечим кабыл алчу адам болгон соң, андан реформа жүргүзүүнү талап кылабыз.

 — Бийликти узурпация кылган, коррупциялык иштердин башында турган деп Атамбаевди күнѳѳлүү деп табышса, аны коргоп чыгасызбы же айыптоого макул болосузбу?

— Коррупциялык схемада, Бийликти узурпациялоонун башында бир эле адам турган деп айтуу туура эмес. Мындай системаны 30 жылдан бери баарыбыз түзүп келатабыз. Айрыкча президенттер. Алардын кызыкчылыгы күчтүү болот. Адилетсиз, коррупциялашкан системаны сындырып, демократиялык түзүлүштү орнотууга жалпы коом аракет кылсак жеңиш болот. Эгерде,Атамбаевге коррупцияга байланышкан деген күнѳѳ коюлса, бийлик анын күнѳѳсүн так, бекем далилдер менен тактай алса, баарыбыз ага баш ийишибиз керек. Эптеп-септеп чампалаган иш болсо каршы чыгабыз. Кѳрүнүктүү саясатчыларды күнѳѳлѳрү так далилденбей соттосо туура эмес болуп калат. Буга,Текебаевдин ишин айтсак болот. Саясатчылардын убакыт ѳткѳндѳн кийин акталып алганга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер түз далилдер менен соттолсо алар дагы акталып чыга албайт. Мындан тышкары, соттук институттардын баардыгы коррупциялашкан, адискѳйлүк жок, президенттин гана айтканын кылат деген аң-сезим ѳлкѳнүн ичинде дагы, тышында дагы сиңип калган. Укук коргоо органдары Атамбаевге иштеген мамлекеттик кызматчыны адилеттүү иликтеп, адилеттүү күнѳѳлѳп, сот чечимин чыгара алабы?- деген суроо берилсе, менин жообум жок деген болот. Кечээ Европалык кеңеши Кыргызстанда тилекке каршы тандалма, саясатташкан коррупция менен күрѳш жүрүп жатат деген маалыматын таратты.

 — Атамбаев ѳзү түзүп кеткен системанын курмандыгы болду деген жыйынтыкка келип жатасызбы?

— Дал ошондой. Президенттер мамлекеттин башына келгенден кийин сот, укук коргоо институттарын жеке кызыкчылыкка пайдалана берем десе ѳтѳ жаңылышат. Акаев, Бакиев, Атамбаев дагы ошентип ойлошкон. Бирок, кызматтан кеткендин эртеси эле, ѳздѳрү түзгѳн соттук-укуктук система аларды сатып, каршы кылмыш иштерин ачып, жакындарын, туугандарын, пикирлештерин куугyнтукка алышты.

— Бишкек ЖЭБ боюнча коррупцияга айыпталып камалып жаткан адамдарга саясий куугунтук болуп жатат деп айтасызбы?

— Коррупция менен тандалма, саясий максатта күрѳшпѳйт. Баардык адамдар менен бирдей мамиледе, ачык айкын күрѳш жүрѳт. Куугунтук, камоо мурунку президенттин адамдарына гана боло турган болсо, дүйнѳлүк практикада,саясатта, юридикалык түшүнүктѳ дагы тандалма күрѳш деп айтат.

— Сапар Исаков,Айбек Калыев,Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев азыркы президентке оппонент болчу саясий фигуралар эмес да?

— Туура, азыр аларды азыркы президентке саясий оппонент болчу фигуралар деп айта албайм. Бирок, ар кимисинин ѳз ордулары бар. Алар камалбаса, кайсыл бир убакыт ѳткѳндѳн кийин саясий фигура болуп калышы мүмкүн болчу. Ошондуктан, жеке дарегине сын айтып, кемсинтким келбейт. Тандалма күрѳш деп айтылып жатканынын себеби, камалгандар учурдагы президенттин оппоненти болуп жаткан Атамбаевдин учурунда иштеп, ага жакын адамдар болууда. Козголгон кылмыш иштер кыйыр же түз түрүндѳ мурунку президентке тийиштүү болуп калууда.

— Козголуп жаткан кылмыш иштер кыйыр же түз түрүндѳ Атамбаевге багытталып жатса, баары ачык далилденсе мурунку президент сот жообуна тартылганы мыйзам ченемдүү эле кѳрүнүш болуп, юридикалык жактан эч ким талаша албаса керек?

— Баары ачык түрдѳ далилденсе, Атамбаев сѳзсүз сот жообуна тартылышы керек. Ал үчүн бекем фактылар керек. Жасалма экени сезилип, соттук процесс жабык ѳтүп, чечим кабыл алынса, саясатташкан иш экенинин далили болот.

— Экс-президенттин күнѳѳсүн сиз айткандай ачык, айкын иликтеп, бекем далилдер менен тастыктап камай алса, мамлекеттин башында турган адамдар дагы мыйзамсыз иштерге барса, ушул тагдыр күтѳт деген ишаарат менен Жээнбеков упай топтой алабы?

— Кыргыз саясатында жазылбаган ѳзүнүн ѳзгѳчѳлүктѳрү бар. Маселен, Жээнбеков үчүн Атамбаевди камоо ѳтѳ оор иш. Тышкы, ички факторлорду дагы эстен чыгарбаш керек. Жээнбеков үчүн Чүйдүн жигити болгон Атамбаевди камоо опурталдуу. Муну баарыбыз эле түшүнѳбүз.

 — Түндүк-түштүк болуп бѳлүнүү факторубу?

— Ооба,түндүк-түштүк фактору коомдо курч маселе болуп эсептелет. Камаган күндѳ дагы аягы кандай бүтѳрү дагы ойлонтпой койбойт. Экинчи фактор, биздеги орустардын ролу дагы бар. Кремлдин орду биз үчүн маанилүү факторлордун бири болуп саналат.Үчүнчү фактор, ѳзүн президент кылып алып келүүгѳ чоң салым кошкон адамды камап коюу оор иш. Ушундай кѳзгѳ кѳрүнбѳгѳн факторлорду аттап ѳтѳ алса, Атамбаевди камай алат.

Булак: «Жаӊы ордо» гезити. №18 (632). 31-май, 2019-жыл.

Бөлүшүү