Президент аппаратынын сот реформасы бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

Автор -

Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 319-берене («Коррупция») боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагындагы ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө М. Арабаевдин жогорудагы кылмышка катыштыгы аныкталган.

2-июнь күнү М. Арабаев Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин тартиби боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү