Ош шаарында Айт намаз борбордук аянтта окулбайт

Автор -
348
Сүрөт: saat.kg

Ош шаарында Айт намаз борбордук аянтта эмес, шаардын баардык мечиттеринде окулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин чечими менен Айт намазы шаардык мечиттерди өтөт.

Ошто 76 мечит бар. Алар 5-июнь — Орозо айт күнү Айт намазга келгендер үчүн ачык болот.