КР жасалма паспортторун даярдаган жана саткан кылмыштуу топ кармалды

Автор -

Ушул жылдын 2-июнунда КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Манас-Аэропорт” контролдук өткөрүүчү пунктунан КР чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Кодиров Ислам наамындагы КР жалган паспорту менен Стамбул шаарына учууга аракет кылган коңшу мамлекеттин жараны 1990-жылы туулган  Ю.М. кармалды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган паспорттогу серия КР жараны,  Ош облусунун жашоочусу, 2002-жылы туулган А.у.Б. таандык экени аныкталды.

Белгилей кетсек, муну менен бирге Манас аэропортунун күтүү залында айтылган кылмыш тобунун уюштуруучусу, КР жараны 1967-жылы туулган  А.С. кармалды. Андын жанында 1987-жылы туулган Насыров Пайзуллонун наамына даярдалган дагы бир КР жасалма паспорту табылды.

Такталгандай,  А.С. чет элдик жарандарга КР жасалма паспортторун даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп чет өлкөлөргө жиберип тургандыгы аныкталды.

А.С. жашаган жерин тинтүү учурунда 1987-жылы туулган Сухроб Рустамовдун наамына даярдалган КР жалган паспорту табылып, алынды.

Даярдалып жасалмаланган документтер эл аралык террористтик уюмдун рекурттарды согуштук зонага катышууга жиберип туруу максатында колдонулган.

Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы убакта кармалган адамдар КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү