Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовдун аракети боюнча чара көрөт

Автор -
292

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракети боюнча чара көрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маалымат кызмат өкмөт башчынын пикирин бир аздан кийин таратат.

Белгилей кетсек, кечээ 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдыруу үчүн барган журналист кыздардын бирине орой мамиле кылып, “Сиздин жүзүңүз мага жакпай турат” деп келеке кылганы себеп болду.

Коомдук активисттер мамлекет өкүлүнүн мындай сөздөрүнө жана мамилесине мыйзамга жараша баа берилиши керек деп жатышат.

Абдраимов өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берди (Видео)