Лейлекте «Исфана-Андарак» жолу жабылып, ачылды

Автор -

Өткөн жумада,  4-июнда алыскы Лейлек районунун борбору Исфана шаары менен Андарак айылын бириктирип тypган кан жол бир нече саатка жабылды.

Жергиликтуу жашоочулар Искра айылындагы бир нече үйдү бузуу талабын коюшкан. Алардын айтымында, ал үйлөр мамлекетке таандык жер тилкелеринде мыйзамсыз курулган. Окуя болуп жаткан жерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдызбек Исакулов жана тез чара көрүүчү атайын отряддын аскерлери келген.

Райондун акими Баймурат Бекмуратов төмөндөгүдөй билдирүү таратты: «Бардык талаптар аткарылды. Суу тосмонун башындагы жер тилкелери ижарага берилген болчу, алар кайтарылат. Мамлекеттик жерлерде салынган мыйзамсыз турак жайлар бузулат».

Бирок алгач жергиликтүү тургундар үйлөрдү өз алдынча бузууга аракет кылышкан, бирок ал жерге келген милиция кызматкерлери аларды токтотуп калышпаса, кандай болорун бир Кудай гана билет болчу…

Ошондой эле бул жер тилкеде жер-жемиштерди өстүрүү үчүн жер семирткичтер колдонулуп, жергиликтүү тургундар химикаттар жергиликтүү суу сактагычка жетиши мүмкүн деп кооптонушкандан кийин гана ушундай аргасыз кадамга барышкандыгы белгилүү болду.

Булак: «Жаӊы ордо» гезити. №19 (633). 7-июнь, 2019-жыл

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү