УКМК: Чет элдик жарандар Кыргызстандан мыйзамсыз 1 млрд. сомду алып чыгып кетишкен

Автор -

Ушул жылдын 3-июнунда КР УКМК ККК тарабынан алдоо жолу менен алынган кылмыштык кирешени мыйзамдаштырууга каршы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иш-аракеттен киреше тапкан, чет элдик жарандар тарабынан чет элдик банкты жана эл аралык төлөө системасын колдонуу менен уюштурулган жана жетектелгентуруктуу схема аныкталды.

Такталгандай, 2015-жылы белгиленген “Кумар оюн ишине тыйуу салуу жөнүндө” КР Мыйзамына карабастан, “Т” конторасынын өкүлдөрү коммерциялык банктардын, төлөө терминалдарынын жана эл аралык электрондук төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып,өздөрүнүн мыйзамсыз кирешесин мыйзамдаштыруу үчүн “Э” ЖЧК түзгөн жана маалыматтык-телекомуникациялык каражаттардын жардамы менен спорттук оюндардын жыйынтыктары боюнча коюм катары төлөмдөрдү алып турган.

Ошентип, мындай жол менен табылган мыйзамсыз кирешелер чет өлкөлүк банктардын жана чет элдик төлөм системасынын эсебине чыгарылган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чаралардын алкагында 35,7 млн. сом жана 31,1 миң АКШ доллар эсебиндеги акча каражатыалынды.

Мындан тышкары, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин айтылган компания КР чегинин сыртында жайгашкан чет элдик банктарга 1 млрд. сомдон ашык акча каражаттары которулган.

Азыркы убакта “Э” ЖЧК жетекчиси чет элдик жаран Ю.А. КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү