Кимдир бирѳѳгѳ даярдалган ысык чокту Салянованын колу менен карматкылары келип жатышат….

Автор -

Калемдин калыстыгы менен айтсак, чыны менен эле Аида Салянова кыргыздын кыйын кыздарынын бири. Анын ишке так, жоопкерчиликтүү экенин коомчулуктун калың катмары деле билет деген ойдобуз. (чыныгы коррупциянын символуна айланган,Салянова Башкы прокурор болуп турганда тузакка түшкѳн жандыктарды эсепке албаганда) Эгер ошол мезгилдерге кѳз салып кѳрсѳк Аида Салянова Башкы прокуратурага ѳлкѳбүздѳ абал ѳтѳ чиеленишкен жагдайда кызматка келген.

Адегенде эле анын алдына түртѳ салынган түйшүк 2010-жылдагы Түштүк окуясынын чоо-жайын аныктоо маселеси турган. Себеби, анда түзүлгѳн коммиссиялар ѳздѳрү үч ача пикир айтышып, акырында алар күнѳѳнү Башкы прокуратурага түртѳ салган эле. Бул татаал иш Салянованын мойнуна ыргытылган оор түйшүктѳрдѳн болгон. Бирок мыйзам боюнча Башкы прократура алгачкы иликтѳѳ, тергѳѳ амалдарын эч качан жүргүзгѳн эмес, жүргүзбѳйт дагы да? Андайда мамлекетибиздеги Улуттук коопсуздукка залал келтирген ал кандуу окуя боюнча адатта УКМК далай нерселерди камырдан кыл суургандай сууруп чыгыш керек болчу. Андан соң ошону менен эле улаалаш ошол кезде кайрадан кѳтѳрүлгѳн (20 жылдан бери келе жаткан) «Кумтѳр» афералык ишиндеги соккуларга да Башкы прократура дуушар болгон. Анда да ѳкмѳт Канадалык компаниялардын мыйзамсыздык иштерине, укуктук ченемдерине бир пункт да киргизбей туруп Башкы прократурага жѳнѳтѳ салган. Кѳп ѳтпѳй ал учурдагы коррупцияга каршы ачылган күрѳш да жаңы Башкы прокурор үчүн миналуу талааны аралап баскандай эле абалга түрткѳн.

Салянова ал майданда да найзаны алгачкылардан болуп сунууга мажбур болгон. Акырында ал «жүзү каралыктын арааны жүргѳн» интригалардын курмандыгы болду. Коррупция менен болгон күрѳштѳ коомдогу ичип-жегичтерди ителгидей биринен сала бирин илип кетип, коомду кандайдыр бир деңгээлде болсо да ошондой шүмшүктѳрдѳн арылтам деген аракетте жүрүп ѳзүнѳ абдан эле кѳп душман топтоду. Азыр болсо ошол ѳздѳрүн аппак периште сезген «символдор» У. Шекспрдин «Отеллосундагы»борбордук персонаждарынын бири Ягодой болуп кѳшѳгѳнүн артында табалары канып олтурат. Андайлардын кѳп эле учурларда Саляновага азыр бүт тосуп жаткандары байкалып эле турат.

Ошентсе да мезгил тараза.  Аида Жеңишбекованын парламентте депутат болуп отурганда «Манас» эпосунан үзүндү келтирип, «ала турган сен эмес, алдыра турган мен эмес» деп айтканы аргасыз эске келет. Азыр да илгeрки Рим императору Нерон сыяктуу кимдир бирѳѳнѳ багытталган ысык чокту Аида Салянованын колу менен жасагылары келип жатканы сезилип жатат… Салянова Аида Жеңишбекованы Кудайдын улуу күнү, (Орозо Айт күнү) 26-июнга чейин N°1 тергѳѳ абагында камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ал күнү соттук отурумга Аида Салянованын адвокатынан башка адам киргизилген жок. Анын жактоочусу сотто Салянованы‚ үй камагына чыгаруу боюнча негиздүү жүйѳлѳрдү келтирип,  Салянованын тѳрт жаштагы кызы бар экенин, андан тышкары киши колдуу болуп каза болгон иниси Улан Саляновдун да жашы жете элек эки баласын карап жатканын белгилеп, аны үй камагына чыгарууну суранды. Бирок сот ал жүйѳѳлѳрдү эске албаганы айтылбады.

Экс-башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова крим тѳбѳл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланышкан иш боюнча 3-июнда камакка алынган. Ал Батукаев абактан чыгарылган убакта (2013-жылы) Башкы прокурор кызматында турган. Ал эми Батукаев болсо 2013-жылдын апрель айында сот тарабынан «айыккыс дартка чалдыкты» деген негизде мѳѳнѳтүнѳн мурда абактан бошотулган. Учурда А. Салянованын талапташтары фемиданын мындай чечимин «саясий боек» катары баалашууда. »

Булак: «Айгай-пресс» гезити. №19 (129). 7-май. 2019-жыл.

Бөлүшүү