Сокулукта 8-класста окуган кыз бакка асынып алды

Автор -

Чүйдүн Сокулук районунда 8-класста окуган кыз бакка асынып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 6-июнь күнү Сокулук районунун Арал айылында катталган. Анда окуучу кыз өз үйүнүн алдындагы бакка асынып алган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү