Азыркыдай жогорку Жогорку Кеңештин кереги барбы?

Автор -

Жакында социалдык түйүндѳр аркылуу «Бүгүнкү Жогорку Кеңеште отургандарга ишенесиңби?» деген суроо менен сурамжылоо жүргүзүлдү. Жообу мындай болду, сурамжылоогоого катышкам респонденттердин 96 пайызы «ишенбейм» деп билдирип, 4 гана пайызы ишеним артыптыр, «эл ѳкүлдѳрүнѳ»…

ЖК демекчи, эгемендик алгандан бери Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин тарыхында элдин жонундагы «ашка жүк, башка жүк» болгон азыркы депутаттар корпусуна болгондой жек кѳрүү болбосо керек. Адамзаттын коомунда 18-кылымдын акырында Француз элинин ойчул уулу Монтескье: «Бийликти бир адамдын колуна топтоо элди эч бир прогресске жетиштирбесин, ал үчүн мамлекетте бийликти сот, аткаруу, мыйзам чыгаруу бутактарына бѳлүү керектигин ѳзүнүн Мыйзамдын  духу» аттуу (Дух Законов) фундаменталдуу эмгегинде кѳрсѳткѳн.

Тилекке каршы 2010-жылдагы жазылган Конституциябыз мыйзамдын духунда эмес кыргыз ашмалтайчылыгынын духунда жазылып, натыйжада ошондон тарта коомдун чыныгы мүдѳѳсүн кѳздѳбѳгѳн, улуттук ментальность деген олуттуу нерсе ылайыксыз болуп, мамлекеттик башкаруунун фундаменти жасалма, борпоң түзүлгѳндѳн пайдаланган эки жүздүү шылуундардан турган курамдагы Жогорку Кеңеш түзүлүп келет. Ошентип, бийлик бутактары таптакыр чакчелекей абалда, тополоңу тоз болуп турган кези.

Демек, Баш мыйзам эмес, мансап жана акча үстѳмдүк кылды, бул кѳрүнүштѳ. Депутаттар мандат алаары менен Конституцияны чала даярдагандыгынан пайдаланып, так жазылган статьяларына кѳз жумушуп ѳз билгендериндей бурмалашып анын ашмалтайын чыгарып да бүтүшмѳй болду. Буга акыркы эле президенттикке болгон кол тийбестикти алсак болот. Ал кабыл алынган мыйзам бир гама адамга карата, ошо адамдын анын колу бутун тушоо максатында жаралганы сокурга да кѳрүнүп турат. Жогоруда айтылган олуттуу себептерден улам «азыркы Жогорку Кеңеш таркатылышы керек, эл аларды дагы бир жыл бою багууга болбойт» деп жазышып, ал тургай учурдагы парламентти мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатышы тууралуу коомчулукта маселелер кѳтѳрүлүп, кол топтоолор жүрүп жатканы да жѳн эле эмес!

Кыясы; ачык, адилет оюн түз айта албаган, кааласа ишке келип, каалабаса келбей, кыйратып иш кылбаган Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча жанагы жедеп чыңалуусуна жетип калган кол топтоо маселеси менен дагы эле болсо мүдѳѳлѳрү, кѳксѳѳлѳрү канбай калган каарман эл таркатканы калды окшойт, ЖКны…

Булак: «Айгай-пресс» гезити. №19 (129). 7-май. 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү